Жалда 6-кабаттан кулаган 4 жашар кыз эсине келди

 Жалда 6-кабаттан кулаган 4 жашар кыз эсине келди

Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулаган 4 жашар кыз эсине келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Ал белгилегендей, учурда кыздын абалы туруктуу.

“Дарыгерлердин көзөмөлү алдында бейтап дарылануусун улантууда”, – деди ал.

Эске салсак, 4-апрелде Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган. Алган жаракаттарынан улам келин окуя болгон жерде, бир кызы ооруканада каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган экинчи кызы оор абалда Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, кылмыш иши козголгон.

6-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен келиндин жолдошу 4-июнга чейин камакка алынган.

Связанный пост