“Төмөнкү-Чүй” жана “Кичи-Капка” өткөрүү пункттары эми эл аралык статус менен иштейт
Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыстандын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө”мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты аталган макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Мыйзам менен 2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргызстан өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланат.
Бул протокол төмөнкү өзгөртүүлөрдү карайт:
- “Камышановка – автожол” өткөрүү пунктунун аталышын “Төмөнкү-Чүй – автожол” деп өзгөртүү, анын статусун эки тараптуудан көп тараптуу (эл аралык) статусуна өзгөртүү жана иштөө режимин күндүзгү убакыттан сутка бою иштөөгө өткөрүү;
- ошондой эле “Кичи-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун статусун эки тараптуудан көп тараптуу (эл аралык) статусуна өзгөртүү.
Бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан жарандардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгы менен шартталган. Анын ичинде жүк жана жүргүнчүлөр агымын көбөйтүүгө, чет өлкөлүк туристтерди тартуу жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган.