УКМК кызматкерлерине карата 386 арыз каралууда
Бүгүнкү күндө Улуттук коопсузсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлерине карата 386 арыз каралып жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Башкы прокуратуранын отчетун угуу учурунда билдирди.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев УКМКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу учурдагы кырдаал, тактап айтканда, кармалгандардын саны жана козголгон кылмыш иштерине кызыкты.
Башкы прокурор Аскер прокуратурасы коррупция жана кызматтык кылмыштар фактылары боюнча 18 кылмыш ишин иликтеп жатканын кабарлады. Бул иштердин алкагында 9 кызматкер жоопкерчиликке тартылган: алардын 8и камакта, бирөө үй камагында. Ошондой эле “жашыруун” грифи астында дагы бир кылмыш иши тергелүүдө.
Келип түшкөн кайрылуулар боюнча суроого жооп берип жатып, Асаналиев жалпысынан УКМК кызматкерлери боюнча 386 арыз каралып жатканын тактады. Алардын жыйынтыгы менен иштердин бир бөлүгү кылмыш өндүрүшүнө өтсө, башкалары боюнча текшерүү жүрүп жатат, ал эми айрым учурларда кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Эл арасында “кустуризация» деп аталган процесстин мыйзамдуулугуна токтолгон Башкы прокурор, тергелип жаткан кылмыш иштеринин алкагында мүлктү алып коюу жана аны мамлекетке өткөрүү келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн тергөө органдарынын, прокуратуранын же соттун чечиминин негизинде ишке ашырылганын белгиледи. Анын айтымында, прокуратура бул процедуралардын мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзгөн.
Ал кошумчалагандай, алынган мүлктүн көп бөлүгү мамлекеттик фондго өткөрүп берилген. Акча каражаттары тергөө органдарынын депозиттик эсептерине жайгаштырылат же Финансы министрлигинин карамагына өткөрүлөт.
Ошол эле учурда башкы прокурор ыктыярдуу жана демөөрчүлүк түрүндөгү түшүүлөр кылмыш иштерине байланыштуу болбогондуктан, прокуратуранын көзөмөлүнө кирбей турганын баса белгиледи.
Учурда тергөө иштеринин алкагында мүлктөрдү жана акча каражаттарын жеке кызыкчылыктарга мыйзамсыз ыйгарып алуу же колдонуу мүмкүн болгон фактылар да текшерилүүдө. Бул эпизоддор боюнча кошумча тергөө жүрүп жатат.