Минкаб жаныбарларды багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери жөнүндө токтом кабыл алды

 Минкаб жаныбарларды багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери жөнүндө токтом кабыл алды

Министрлер кабинети Кыргызстанда жаныбарларды багуу, көбөйтүү жана коргоо маселелери жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Кабыл алынган чечимдин максаты Кыргызстандын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү чөйрөсүндөгү мамилелерди өркүндөтүү жана тартипке келтирүү, ченемдик укуктук актылардагы аныкталган шайкеш эместиктерди жоюу.

Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында жаныбарларды капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү эрежелери токтом менен бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Толук маалымат менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Связанный пост