Кыргызстан жана Улуу Британия: Парламенттер аралык тажрыйба алмашуу жанданат
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жаатындагы маселелер талкууланды.
Марлен Маматалиев ар тараптуу өнөктөштүктү өрчүтүү багытындагы сунуштары менен бөлүшүп: “Айрыкча Жогорку Кеңеш парламенттик демократиянын мекени болгон Улуу Британия менен мыйзам чыгаруу тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдарбыз. Ал үчүн депутаттык достук топторунун ишин жандантып, эки өлкөнүн парламенттеринин аппараттарынын түз байланышын камсыздообуз кажет”, – деди.
Ошону менен катар алакаларды кеңейтүүдө эки тараптуу иш сапарлардын маанилүүлүгүн кошумчалады.
Өз кезегинде элчи Николас Боулер Улуу Британия чөлкөмдөгү мамлекеттердин ичинен Кыргызстан менен кызматташтыкка өзгөчө артыкчылык берерин билдирип, соңку жылдары эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Мындан сырткары, өлкөдөгү соңку реформаларга, анын ичинен айым депутаттардын саны боюнча көрсөткүчтөргө жогору баасын берген элчи парламенттер аралык тажрыйба алмашуу жаатындагы демилгелери менен бөлүштү.
Тараптар айрым мыйзам актылары боюнча да пикир алмашып, бардык маселе боюнча ачык диалогго даяр экендиктерин билдиришти.