Кыргызстан менен Монголия биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууда
Бүгүн, 2-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуягды дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун Монголияга мамлекеттик сапарынын жана 2025-жылы Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарлардын графиги каралды.
Айрыкча биргелешкен өнөр жай долбоорлорун илгерилетүүгө, атап айтканда “Касиет” камвол-ийрүү фабрикасын ишке киргизүү боюнча практикалык кадамдарга көңүл бурулду.
Министр монгол делегациясын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына катышууга чакырып, Монголиянын көчмөн маданиятын сактоо жана жайылтуудагы маанилүү ролун белгиледи.
Аймактык кызматташтыкты талкуулоонун алкагында тараптар Кыргызстандын уюмдагы учурдагы төрагалыгын эске алуу менен Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) өз ара аракеттенүүнү да карап чыгышты.
Содном Ганхуяг эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да бекемделерине ишенимин билдирди.
Жолугушууда Жээнбек Кулубаев Ганхуягдын кыргыз-монгол мамилелерин өнүктүрүүгө, саясий диалогду кеңейтүүгө кошкон жеке салымын жогору баалап, Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.