Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм сөөк жутуп алып, кызыл өңгөчүнө тыгылып калган

 Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм сөөк жутуп алып, кызыл өңгөчүнө тыгылып калган

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм сөөк жутуп алып, ал кызыл өңгөчүнө тыгылып калган. Бул тууралуу Бишкек шаардык балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала 4 сантиметр өлчөмүндөгү сөөктү жутуп алган. Шаардагы эки ооруканада сөөктү чыгара алышпагандыктан, өспүрүм Бишкек шаардык балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген.

“Дарыгерлер ыкчам түрдө операция жасап, тыгылып калган сөөктү ийгиликтүү алып чыгышты. Оор абалда келген балага дароо керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, операция жасалды”, — деп белгилешти ооруканадан.

Учурда өспүрүмдүн абалы туруктуу экени айтылды.

Связанный пост