Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги коррупция: Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды
Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. (Кундузбек Сулайманов) жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Иш материалдарынан көрүнүп тургандай, С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лоббирлөө аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан “НарынГЭС” ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.
Учурда УКМК кармалган адамдардын башка укук бузууларга катыштыгын аныктоо, ушуга окшош фактыларды табуу, ошондой эле энергетика тармагындагы айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.