Президент реадмиссия боюнча мыйзамга кол койду
Президент Жапаров Садыр Жапаров “Кыргызстандын министрлер кабинети менен Беларустун өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 5-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Беларустун өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткаруу болуп саналат.
Макулдашуу эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык тиешелүү Тараптын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кабыл алууну, чыгарылууга тийиш болгон адамдарды транзиттөөнү жеңилдетүүнү жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бир кыйла тыгыз өз аракеттенүүнү жөнгө салууну карайт.
Ошол эле учурда Кыргызстан жана Беларустун ыйгарым укуктуу органдарына зарыл болгон биргелешкен иш-чараларды кыйла тыгыз байланышта өткөрүүгө жана өз ара мамиленин негизинде экинчи тараптын аймагына уруксатсыз кирген жана/же жашап турган адамдарды реадмиссиялоо жана чыгарылууга тийиш болгон адамдардын транзиттөө маселелеринде бири-бирине көмөк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.