Түндүк–Түштүк жолундагы кемчиликтерди оңдоого кошумча каражат бөлүнөт

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушунун жүрүшү жана андагы көйгөйлөр тууралуу маалымат бөлүштү.

Анын айтымында, тиешелүү жетекчилер жолдун курулушу менен жеринен таанышып келишти. Текшерүүнүн жүрүшүндө көпчүлүк тилкелерде таш кулоо, кар көчкү жана күрткү басуу коркунучу бар кооптуу аймактар аныкталган. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча курулмалар курулуп, тоо көчкөн тилкелерди тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Дайырбек Орунбеков бул стратегиялык долбоордун башталышындагы коррупциялык схемаларга да токтолду.

“Бул жол 2014-жылы эл аралык донорлордон алынган 1 млрд долларга жакын насыя каражаты менен башталган. Долбоор ошол учурда шашылыш жана чийки кабыл алынган. Буга ири суммадагы каражатка көз арткан кызыкдар топтор себеп болгон. Натыйжада каражаттын жарымын жолго жумшамыш болуп, калганы ошол кездеги жооптуу адамдардын чөнтөгүнө кеткен. Каражат максаттуу жумшалбай, жумуш сапатсыз аткарылгандыктан, жолдун коопсуздугу бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет”, — деп жазды ал.

Маалым болгондой, азыркы тапта мамлекет миллиарддаган сом кошумча каражат жумшап, мурунку кеткен кемчиликтерди жоюп, бүтпөгөн тилкелерди аягына чыгарууда.

Элдин суранычын эске алуу менен, ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин жолду убактылуу ачуу чечими кабыл алынды. Бирок айрым тилкелерде таш кулоо тобокелчилиги дагы деле сакталып турат. Ноябрь айынан тарта 2027-жылдын май айына чейин жол коопсуздук үчүн кайра жабылат.

Билдирүүдө белгиленгендей, жолдун курулушу толугу менен аяктап, коопсуздук маселелери чечилген соң, 2028-жылы пайдаланууга берилет. Ал эми убагында уурдалган каражаттар боюнча кылмыш иштери козголуп, соттук териштирүүлөр уланууда.

Связанный пост