Кыргызстан менен Корея парламенттик дипломатияны күчөтөт
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кореянын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу үчүн парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү зарылчылыгы белгиленип, тармактык комитеттердин байланышын өнүктүрүү тууралуу сөз болду.
Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея соңку жылдары бардык багыттарда жигердүү кызматташып келе жатканын айтты.
“Бул жолугушуу калыптанган алакаларды тереңдетүүгө өбөлгө түзүп, өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган сунуш-пикирлерди талкуулоого көмөкчү болот деген ишеничтемин. Анткени, парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоонун башкы куралы болуп саналат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш Корея Республикасы менен кызматташууга артыкчылык берип, 22 депутаттан турган достук тобун түздүк”, – деди ал.
Ошондой эле төрага Борбор Азия + Корея форматындагы жыйындар ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатканын кошумчалады.
Муну менен катар соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө учур талабы экенин айткан Марлен Маматалиев Кыргызстан экологияны, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу маселесине да өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.
“Андыктан, биз Корея Республикасы менен аталган багыттарда тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдарбыз. Айрыкча тоолуу региондор боюнча “Бишкек+25″ II глобалдык саммитине активдүү катышууга чакырабыз”, – деди Маматалиев.
Ал эми Кореянын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Ги Борбор Азияга багытталган бул иш сапарында Кыргызстанга артыкчылык берилгенин баса белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатышканын кошумчалады.
Ошону менен катар түз аба каттамынын ачылышы жарандар ортосундагы алакаларды арттырууга чоң өбөлгө түзүп жатканын айткан Ким Сок Ги кореялыктар Кыргызстандын кооз табиятына кызыгарын, андыктан туризм багытындагы өнөктөштүктү да өрчүтүү керектигин айтты.