Кыргызстанда үй тибиндеги 271 бала бакча иштеп жатат

 Кыргызстанда үй тибиндеги 271 бала бакча иштеп жатат

Кыргызстанда үй тибиндеги 271 бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Мухтар Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, мындай мекемелерде 6 228 бала тарбияланып, 800дөн ашык кызматкер эмгектенип жатат.

Агартуу министрлигинен белгилешкендей, үй тибиндеги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки мекемелер көбүнчө ижарага алынган имараттарда жайгашкан.

Атап айтканда:

  • Кара-Сууда — 44;
  • Өзгөндө — 60тан ашык;
  • Ноокатта — 41 бала бакча бар.

Имараттар жеке жактарга таандык жана аларды ижарага алуу акысы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.

Связанный пост