Эдил Байсалов Эл аралык Дельфий комитетинин директорун кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык Дельфий комитетинин директору Владимир Понявинди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндарынын өткөрүлүшү, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Белгилей кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндары 2026-жылдын 23-28-мартында Бишкек шаарында өтүүдө.