Быйыл Кыргызстанда 1-класска гана балдар кабыл алынат

 Быйыл Кыргызстанда 1-класска гана балдар кабыл алынат

Быйыл 1-класска гана балдар кабыл алынат. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасын трансформациялоо боюнча өткөн жылы 1-2-класска кабыл алынган.

“12 жылдык окууга карата былтыркы окуу жылда бир жолу гана балдар 1-2-класска кабыл алынган. Быйыл андай муктаждык жок. Мурдагыдай эле балдарды 1-класска эле кабыл алабыз”, – деди ал.

Надира Жусупбекова белгилегендей, электрондук каттоо эки этап менен өтөт.

Ата-энелер балдарын 1mektep.edu.gov.kg сайты, “Түндүк” жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу аралыктан каттай алат.

“Биринчи этап 1-апрелде саат 10:00дө башталат. Бул этап 1-июнда аяктайт. Ал эми 1-июнда саат 10:00дө экинчи этап башталып, август айынын аягында жыйынтыкталат”, – деди министрдин орун басары.

Связанный пост