Бишкекте 10 жылдан бери документи жок 180 батирлүү үй мыйзамдаштырылды
Бишкекте Ажыбек Баатыр көчөсүндөгү 9 кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Восток Строй Инвест” компаниясы тарабынан курулган бул объекттин маселеси жер тилкесине байланыштуу соттук териштирүүлөрдөн улам 10 жыл бою чечилбей келген. Мындан улам 180 үй-бүлө батирлерин өз атына каттата албай жана коммуналдык кызматтар үчүн кымбат тариф менен төлөп келишкен.
Объектти пайдаланууга берүү актысы тапшырылды, бул эми тургундарга батирлерин толук мыйзамдаштырууга жол ачат. Ал эми жашоочулар коммуналдык кызматтарды калк үчүн белгиленген стандарттык тариф менен төлөй башташат.
Министр Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2025-жылдан тарта мындай көйгөйлүү үйлөрдү иретке келтирүү иштери туруктуу жүрүп жатканын белгиледи.