Ишкерлерди 38 миң долларга алдап кеткен УКМКнын жалган кызматкери кармалды

 Ишкерлерди 38 миң долларга алдап кеткен УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Бишкекте өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Азербайжандын жараны А. С. (каймана аты Сахаб) кармалды.

Маалыматка ылайык, шектүү өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жарандардын ишенимине кирген. Ал СИЗО-1де камакта жаткан адамды “актап берем” деп, алдоо жолу менен 24 100 доллар жана 100 миң сомун ээлеп алган.

Мындан тышкары, Вьетнамдан жумушчуларды алып келип берем деген шылтоо менен дагы бир ишкерден 14 миң доллар алып, изин сууткан.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

УКМК аталган А. С. аттуу жарандын аракеттеринен жабыркаган башка жарандар болсо, Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 88-83-52 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Связанный пост