Бишкекте мыйзамсыз газ куюучу 5 соода түйүнү аныкталды
Бишкекте унааларды жана тиричилик газ баллондорун мыйзамсыз толтуруучу 5 соода түйүнү аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Буга байланыштуу коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн алардын ээлерине актылар түзүлүп, айып пулдар салынды. Ошондой эле бир соода түйүнү толугу менен демонтаждалды.
Министрлик калктуу конуштарда көчмө унаа газ куюу станцияларын жайгаштырууга катуу тыюу салынарын эскертет.