Кыргызстанда бардык окуу китептери жаңы стандартка ылайык жаңыланат
Кыргызстанда жаңы билим берүү стандарттарына ылайык окуу китептерин толугу менен жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйүнүн директорунун орун басары Аида Ишеналиева билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы окуу адабияттарын басып чыгарууга мамлекеттик бюджеттен 856,5 млн сом бөлүнгөн. Натыйжада өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына 5 миллионго жакын нускада окуу китептери жеткирилди.
Ишеналиева учурда жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер иштелип чыгып, басылып жатканын белгиледи. Бул иштин алкагында авторлор жана редакторлор тарабынан мугалимдерге жана ата-энелерге онлайн жана оффлайн форматтарында колдоо көрсөтүлүүдө.
Тиешелүү маалымат Кара-Суу районундагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен болгон жолугушууда айтылды. Анда жаңы окуу китептеринин мазмуну жана аларды киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланды.
Министрлик окуу китептерин жаңылоо этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Салыштырмалуу алсак, буга чейин 2017-жылдан 2024-жылга чейин 4 миллиондон аз нускада окуу адабияттары басылып чыккан.