Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Нооруз цивилизациясынын аймагындагы элдер бул терең улуттук-маданий жана тарыхый тамырлары бар, берекелүү майрамды зор кубаныч жана шыктануу, жаркын келечекке болгон жаңы үмүттөр менен белгилешет. Анын бийик баалуулуктары жана бай идеалдары миңдеген жылдар бою биздин элдерди тынчтыкка жана ынтымакка, өз ара түшүнүшүүгө, бирин бири урматтоого жана ишенимге чакырып келет.
Тажик-кыргыз достук, коңшулаштык жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери бул байыркы майрамдын эң мыкты каада-салттарынын рухунда мындан ары да өнүгүп, чыңдалып, элибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы практикалык мазмун менен байытылат деп ишенем.
Ушул кубанычтуу майрам күндөрүндө Сизге чың ден соолук жана жогорку мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми өлкөңүздүн достук мамиледеги элине бакыт, бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук, мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат телеграммада.