Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, дүйнөлүк рекорд жаңыланды

 Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, дүйнөлүк рекорд жаңыланды

Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, дүйнөлүк рекорд жаңыланды. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, жакында Бириккен Улуттар Уюму Парламенттер аралык бирликтин маалыматына таянып, Кыргызстан парламенттеги аялдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлегенин жарыялаган.

Маматалиевдин айтымында, комитеттерде, эл аралык депутаттык топтордо да аялдардын квотасына өзгөчө маани берилип келет.

“Кечээ 31-аял депутат менен рекорд жаңыладык десек болот. Президиумда аялдардын 30%дык квотасы сакталып келет. Кечээ комитеттердин жетекчилери боюнча ротация бүттү. Ал боюнча да тарыхта биринчи жолу 30%дык квота сакталып, аялдар комитеттин төрайымы болуп шайланды. Орун басарларынын арасында да аял депутаттар бар. Эл аралык депутаттык достук топтор бар. Ал жакта да тарыхта биринчи жолу топтордун жетекчилигине аялдар кирди. “Кыздын кырк чачы улуу” деген кыргыз элинин эзелтеден айтылып келген накыл сөзү бар. Биздин айымдар дайыма сый-урматта жүрө берсин”, – деди төрага.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюму Парламенттер аралык биримдиктин жаңы докладына ылайык, Кыргызстан парламенттеги аял депутаттардын саны боюнча дүйнөдө лидер аталганын жарыяланган.

Анда былтыр парламенттеги аялдардын эң көп өсүшү Кыргызстанда катталды. Жогорку Кеңеште аялдардын үлүшү 12,9%га көбөйдү. Учурда парламентте 90 депутаттын 31ин аял эл өкүлү түзөт. Көп мандаттуу шайлоо округундагы үч мандаттын бирөө аял талапкерге берилери мыйзам менен бекитилген.

Связанный пост