“Торугарт”, “Эркечтам” бекеттери аркылуу соода-сатык жогору болууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы сүйлөшүлүп, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушууларынын жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлардын натыйжасында жетишилген макулдашуулардын терең маанилүүлүгү белгиленди.

Анда, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамлекеттик чек араларында жайгашкан “Торугарт”, “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү бекеттери аркылуу соода сатык жогорку деңгээлде болгону белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, айыл чарба тармагындагы Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытайдын Өкмөтү ортосунда, ошондой эле эки тараптын компаниялары ортосунда буга чейин кол коюлуп жетишилген бир катар инвестициялык длобоорлорду ишке ашыруу маселелери сүйлөшүлдү.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, өзгөчө коңшу жашаган эки элдин кызматташтыгын өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, ошол себептүү акыркы жылдары кыргыз-кытай байланышы жигердүү өнүгүп жатканын, мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк дагы өнүгөөрүнө ишенимин билдирди.

Связанный пост