Кыргызстан менен Франциянын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий жана парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунунун жүрүшүндө соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү приоритеттүү багыт катары белгиленди. Ошондой эле экологияны коргоо, туризм жана санариптештирүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу сунушталды.
Төрага депутаттардын өз ара иш сапарларын жандандыруу жана достук топторунун байланышын чыңдоо зарылчылыгын белгиледи.
Тараптар эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачуу жана маданий борборлорду түзүү демилгелерин ортого салышты.
Элчи Николя Фай айтылган сунуштарды колдоого алып, Франция парламенттик байланыштарды бекемдөөгө жана жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдар экенин ырастады.