Кыргызстанда ак илбирстин саны 550дөн ашты

 Кыргызстанда ак илбирстин саны 550дөн ашты

Кыргызстанда 2030-жылга чейин ак илбирсти сактоо боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.

Анын айтымында, көрүлгөн чаралардын натыйжасында бүгүнкү күндө республика аймагында ак илбирстердин саны 550дөн ашты.

Министрдин орун басары сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо үчүн түзүлгөн жаңы шарттарга токтолду.

“Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалын жакшыртуу максатында жалпы аянты 792 миң гектарды түзгөн “Ак илбирс коридору” түзүлдү. Ал Хан-Теңири, Сары-Чат-Эрташ жана Нарын чөлкөмдөрүн бириктирет. Ошондой эле “Байбосун”, “Котормо” коруктары жана Илимдер академиясынын Ботаникалык багы өзгөчө корголуучу аймактардын тизмесине кирди”, — деди ал.

Бул багыттагы иштер ак илбирстин популяциясын сактап калууга жана алардын коопсуз байырлоосуна шарт түзүүгө багытталган.

Связанный пост