Таласта “Социалдык контракт” программасынын алкагында 71 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

 Таласта “Социалдык контракт” программасынын алкагында 71 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Манас жана Бакай-Ата райондорунда “Социалдык контракт” программасынын алкагында 71 үй-бүлөгө жеке ишкерлигин баштоого 150 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Манас районунан — 31 үй-бүлө;
  • Бакай-Ата районунан — 40 үй-бүлө колдоо алды.

Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматовдун айтымында, программанын алкагында үстүбүздөгү жылы Талас облусунда жалпы 682 үй-бүлө каражат берилет.

“Бул долбоор аймактарды өнүктүрүүгө жана Улуттук өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга чоң салым кошот. Катышуучулар өз үй-бүлөсүн киреше менен камсыз кылуу менен бирге, жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин көтөрүүгө көмөктөшөт”, — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, программанын катышуучуларынын 94,2 пайызын айылдык аялдар түзөт. Иш-чаранын алкагында министрдин орун басары бардык айымдарды келе жаткан 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап өттү.

Связанный пост