Мал-жандыктан жугуучу оорулар менен күрөшүү күчөтүлөт

 Мал-жандыктан жугуучу оорулар менен күрөшүү күчөтүлөт

Жогорку Кеӊештин депутаттары пандемиянын алдын алуу, азык-түлүк системаларынын туруктуулугун камсыздоо жана Борбор Азиядагы дени сак экосистемаларды камсыз кылуу максатында “Бирдиктүү саламаттык” программасынын алкагындагы каржылоо келишимин биринчи окууда жактырды.

Келишимге Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы ортосунда кол коюлган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев белгилегендей, долбоордун алкагында Кыргызстанга 30 млн доллар насыя жана 1,79 млн доллар гранттык каражат бөлүнөт.

“Насыялык каражаттар 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен, 0 үстөк пайыз менен берилет”, – деди ал.

Ал белгилегендей, 1-фаза үч компоненттен турат:

  • мал-жандыктан жугуучу (зоонозду) инфекциялар менен күрөшүү (жаныбарлардын ооруларына мониторинг жүргүзүү тутумун бекемдөө, эффективдүү диагностикалык жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу, жаныбарлардан адамга инфекция жугуунун коркунучу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу);
  • антимикробдук препараттарга туруктуулуктун алдын алуу (ветеринарияда жана медицинада антибиотиктерди рационалдуу пайдалануу, альтернативдик дарылоо ыкмаларын өнүктүрүү, антибиотиктерге туруктуу бактериялардын жайылышын алдын алуу);
  • азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу (тамак-аш өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн бардык баскычтарында санитардык шарттарды жакшыртуу, продукциянын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү).

Связанный пост