Нарын шаарын өнүктүрүүгө 3,5 млрд сом жумшалууда
Нарын шаарында 3 млрд 508 млн сомдук курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн шаардын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү боюнча өткөн коллегияда белгилүү болду.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, ага Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн Нарын шаарын өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен, республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен жана инвесторлордун каржылоосунда курулуп жаткан курулуштар кирет.
Анын ичинде Ленин жана Шералиев көчөлөрүн реконструкциялоо, креативдүү демилгелер жана инновация борбордун, коомдук мончонун жаңы имаратын, балдар оюн-зоок борборун куруу, ички жолдору асфальттоо, тротуар салуу, мектеп куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү өңдүү обьекттер бар.