Парламент насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды
Жогорку Кеңеш “Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбооруна ылайык, демилгечилер негативдүү насыялык маалыматтарды сактоо мөөнөтүн 5 жылдан 3 жылга чейин, ал эми оң маалыматтарды сактоо мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартууну сунушташууда.
Ошондой эле 10 миң сомго чейинки суммадагы насыялар үчүн маалыматтарды сактоо мөөнөтүн бир жылга чейин белгилөө сунушталууда.