ЖК төрагасы: Жаңы гимндин ойдогудай варианты азырынча жок
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы тексти жана музыкасы кечээ тармактык комитетте каралганын, бирок татыктуусу жок экендигин белгиледи.
Ал варианттарды артка кайтаруу чечими кабыл алынганын айтты.
“Биздин максат эптеп эле гимнди өзгөртүү эмес, 7 жаштагы баладан тартып, 70-80 жаштагы карыяга чейин эркин ырдаган мыкты текстти жана обонду тандоо. Көргөнүбүздөй буга чейин келген сунуштардын баардыгы марш стилинде жазылган. Бирок, аны көпчүлүк ырдай албайт. “Кыргыз жери”, “Мекеним мейкин” деген ырларга окшогон эркин формадагы эмгектер жазылышы керек болчу. Биз советтик түзүлүштөгү марш стилинен чыгышыбыз кажет. Биздин гимн мамлекеттик гана иш-чараларда эмес, ар кандай маарекелерде да эркин ырдалгыдай гимн болушу керек”, – деген төрага сынакка катыша турган авторлорду аталган маселеге астейдил көңүл бурууга чакырды.
Тагыраагы, сынак дагы улантылары белгиленип, ага бардык кыргызстандыктар катышса болорун жана жеңүүчүлөргө президент тарабынан атайын сыйлыктар да каралганын эске салды.