Бишкек – Ош жолунда мунай зат ташуучу унаа өрттөнүп, эки адам каза тапты
Бишкек – Ош жолунда мунай зат ташуучу унаа өрттөнүп, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунун 140-чакырымында мунай зат ташуучу унаадан өрт чыккандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:36да бир бөлүм тартылып, саат 14:44тө тилсиз жоо толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 2 адам каза болду, учурда өздүгү такталууда.
Кырсык катталган жол эки тараптуу ачылып, унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат.