Кара-Кулжадагы Тар дарыясына 300 млн долларга жаңы ГЭСтер каскады курулат
Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясында чакан ГЭСтердин каскадын куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Меморандум министрлер кабинети менен “Кыргызстан Риклейм Ко. ЛТД” ЖЧКсынын ортосунда түзүлдү.
Жетишилген макулдашуулардын алкагында болжол менен 200 МВт кубаттуулугу бар чакан ГЭСтердин каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Инвестициянын болжолдуу көлөмү 300 млн долларын түзөт.
“Бул долбоорду ишке ашыруу жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө, Кыргызстандын энергетикалык туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык секторунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат”, – деп айтылат маалыматта.