Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга дээрлик 79 миң арыз түштү

 Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга дээрлик 79 миң арыз түштү

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда унаа каражаттарын каттоо жана кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу, жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын уюштурулушу, ошондой эле коопсуздук талаптары каралды.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдө жарандардын 20–30 жыл мурдагы сүрөттөрү колдонулуп жатканын белгилеп, мындай документтер жаранды так аныктоону кыйындатарын айтты. Ошондой эле эски айдоочулук күбөлүктөрдүн коргоо элементтери жетишсиз болуп, аларды жасалмалоо оңой экени, бул болсо коопсуздукка түз коркунуч жаратарын билдирди.

Мындан тышкары, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр чет мамлекеттерде мыйзамдуу документ катары таанылбай турганы айтылды. Ушуга байланыштуу мамлекетте так тартип болушу керектиги, ал эми документтер заманбап талаптарга жооп бериши зарыл экени баса белгиленди.

Ушул максатта Каныбек Туманбаев айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана транспортту каттоо багытында санариптештирүүнү өнүктүрүү, санарип кызматтарды кеңейтүү жана маалыматтарды толук жаңылоо боюнча жетекчиликке конкреттүү тапшырмаларды берди.

Маалымдалгандай, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 15-январдан 21-январга чейин жалпысынан 78 959 арыз катталды:

  • онлайн форматта — 46 миң 431 арыз,
  • офлайн форматта — 32 миң 528 арыз.

Бул көрсөткүч жарандардын документти алмаштыруу маселеге олуттуу көңүл буруп жатканын жана кызматка болгон суроо-талап жогору экенин айгинелейт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө тартипти күчөтүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана санарип чечимдерди ырааттуу киргизүү зарылдыгы айтылды.

Связанный пост