Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 1,3 пайызга өстү

 Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 1,3 пайызга өстү

2025-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 4,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, бул 2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,3 пайызга көп.

“Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64,1 пайыз) жана Казакстанга (33,5 пайыз) туура келди”, – деди ал.

5

Связанный пост