Бишкекте 23 адам шаурмадан ууланды, арасында 5 бала бар

 Бишкекте 23 адам шаурмадан ууланды, арасында 5 бала бар

Бишкек шаарындагы “Даамдуу” тез татым түйүнүнөн 23 адам ууланган. Алардын ичинен 5 – балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 18 адам ооруканага жаткырылып, стационардык дарыланууда, бейтаптардын абалы туруктуу. 5 адамдын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөн.

Белгиленгендей, аларда уулануунун алгачкы белгилери сутканын ар кайсы убактарында пайда болуп, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына кайрылышкан. Бардык жабыркагандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн клиникалык материалдар алынган.

Эпидемиологиялык анамнездин маалыматтарына ылайык, жабыркагандардын бардыгы 15-январда “Даамдуу” тез татым түйүнүнөн шаурма жешкен.

Белгиленгендей, аталган коомдук тамактануу жайына текшерүү жүргүзүлдү. Лабораториялык изилдөөлөр үчүн тез татымдын курамындагы ингредиенттерден, ашкана инвентарларынан жана жабдууларынан жуума үлгүлөр (смыв), ошондой эле даяр продукциянын калдыктары алынган. Ошондой эле кафенин кызматкерлери ичеги-карын инфекцияларынын козгогучтарын алып жүрүүчүлүк боюнча плансыз текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 3 протокол түзүлүп, 41 миң сом өлчөмүндө 3 айып пул салынган.

Тез татымдын жетекчисине 15-январдан тартып фастфуд түйүнүн жабуу тууралуу санитардык көрсөтмө берилип, объект пломбаланган.

Связанный пост