№87 мектебинде мугалимдин окуучуну сабаганы иликтенүүдө
Бишкек шаарындагы №87 жалпы билим берүү мектебиндеги мугалимдин жүрүм-туруму боюнча окуя иликтене баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштер башталды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан атайын комиссия түзүлүп, учурда №87 мектепте орун алган кырдаалды териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
“Бул окуя агартуу министринин жеке көзөмөлүндө. Учурда алдын алуу чаралары күчөтүлүп, республика боюнча бардык педагогдор менен кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Окуялардын алдын алуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга багытталган тренингдерди өткөрүү үчүн билим берүү уюмдарына психологдор жөнөтүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда аталган мектепте сабак учурунда мугалим окуучуну сабаган видео тараган.