Бишкек ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт
Абанын температурасы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу Бишкек шаарынын ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт.
Мэриянын берген маалымат боюнча, электр жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн авариялык бригадалар күчөтүлдү, техникалык жана оперативдүү персоналдын күнү-түнү иштөө нөөмөтү уюштурулду, ошондой эле негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишине кошумча көзөмөл камсыздалды.
Штаттан тышкаркы мүмкүн болгон кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн ишкананын бардык кызматтары тынымсыз байланышта турат.
Бишкек шаарынын ЖЭБи төмөнкү температура шартында керектөөчүлөрдү туруктуу жана ишенимдүү жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.