ЖК төрагасы: Курулуш иштерине тоскоолдуктарды жараткан тендерди жоюу зарыл

 ЖК төрагасы: Курулуш иштерине тоскоолдуктарды жараткан тендерди жоюу зарыл

Мектеп, бала бакча, жол жана башка социалдык мүнөздөгү имараттардын курулуш иштерине тоскоолдуктарды жараткан тендерди жоюу зарылдыгын Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири катары учурда бардык курулуштар тендерге байланышкан.

“Элдин баары ушул тендерден абдан тажады. Анткени, тендерди кайра – кайра өткөрүп жатып, эки-үч айга чейин убакыт созулуп, курулуш иштери башталбай жатат. Андыктан, президентибиз тарабынан маселе коюлган, кечээ да президент менен сүйлөштүм. Тендер боюнча мыйзамды тез арада карап, таптакыр тендер деген сөздү алып салышыбыз керек. Тендер болбошу керек. Себеби, бул иштин натыйжалуулугуна, тез жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө өбөлгө түзөт”,- деди төрага.

Ал ошондой эле министрлер кабинетине тез арада кечиктирилбестен тендерди жоюу боюнча тапшырма берилгенин маалымдады.

“Мындан 2 жыл мурда бул маселе көтөрүлүп, бирок кайра эле аталышы өзгөрүлүп, мазмуну ошол бойдон калып калган. Ушул маселени тездетип чечип, тендери жок түз курулуштар жүрүп, түз сатып алуулар болуш зарыл. Эгерде ошондон бир катачылыктар кетсе, ошол мекеменин жетекчилери өз баштары менен жооп беришет. Ушуну тездетип бериңиздер”,- деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Связанный пост