Бишкек – Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып кетти

 Бишкек – Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып кетти

Бүгүн саат 09:50лөр чамасында Бишкек – Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып кетти. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түштүк” ишканасынан билдиришти.

Бензовоз жолдун 428-чакырымында рулдук рейкасы үзүлүп кетип, унаа жолго аңтарылып кеткен. Окуянын кесепетинен жабыркагандар жок.

Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу ачык.

Связанный пост