Нарын облусунда электр энергиясын керектөөнүн лимити жогорулатылды

 Нарын облусунда электр энергиясын керектөөнүн лимити жогорулатылды

Нарын облусунда электр энергиясын керектөөнүн лимити жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бийик тоолуу жана климаттык шарты катаал аймакта жашаган Нарын облусунун тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен, максималдуу жүктөм сааттарында электр энергиясын керектөө лимитин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Буга чейин белгиленген лимит 189 648 кВт·сааттан 264 312 кВт·саатка чейин жогорулатылып, электр энергиясын көбүрөөк көлөмдө берүү жана аймактын энергокамсыздоосун турукташтыруу камсыздалды.

Бул чечим өлкөнүн энергосистемасынын эң жогорку жүктөм мезгилинде туруктуу иштешин камсыздоого багытталган чаралардын алкагында кабыл алынды.

Ошону менен катар, облустагы өкүлчүлүк райондук мамлекеттик администрациялар, аймактык бөлүмдөр, Энергетика министрлиги жана “Кыргызкөмүр” ишканасы менен биргеликте калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп келет.

Мындан тышкары, антимонополиялык органдар менен биргеликте көмүрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында рейддик иш-чаралар уюштурулду. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында баалардын негизсиз жогорулатылган фактылары аныкталган жок.

Жалпысынан Нарын облусу боюнча көмүрдүн баасы 5 500 сомдон ашпайт, ал эми катуу отундун жалпы запасы 3 миң тоннадан ашык. Анын ичинен болжол менен 1,5 миң тоннасы “Кыргызкөмүр” ишканасынын социалдык отун базаларында топтолгон.

Связанный пост