Оштогу IT-шаарчасынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр курулуш иштерин сапаттуу жана ар бир этабын берилген мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүү керек экендигин белгиледи.

Бүгүнкү күндө объектинин бардык 3 баскычында курулуш иштери кызуу журуп, биринчи баскычынын 22 блогун 2026-жылдын жай айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров IT-шаарчасынын курулушун расмий түрдө баштап, мезгил кутусун салган.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 000ден (он миңден) ашуун батири менен ири турак-жай комплекси курулуп жатат. Шаарчада балдар үчүн сапаттуу жана заманбап билим берүүчү мектептер, бала бакчалар, көп тармактуу медициналык мекеме жана диагностикалык борборлор курулат.

Мындан сырткары, спорттук залдар, жөө басууга ыңгайлуу өзүнчө жолдор, веложолдор, балдар жана чоңдор үчүн активдүү эс алуу жашыл аймактары курулат. Турак-жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат.

Связанный пост