Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

 Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесинин 1, 2, 4-бөлүктөрүнө, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылсын:

1) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;

2) II даражадагы “Манас” ордени;

3) “Данакер” ордени;

4) “Даңк” медалы.

2. Жокко чыгарылсын:

1) Кыргыз Республикасынын президентинин 1999-жылдын 22-апрелиндеги № 106 “А.Ш. Атамбаевди “Даңк” медалы менен сыйлоо жөнүндө” жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 518 “А.Ш. Атамбаевди “Данакер” ордени менен сыйлоо жөнүндө” жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын президентинин 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 311 “Республиканын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө” жарлыгынын үчүнчү абзацы;

4) Кыргыз Республикасынын президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы № 1 “А.Ш. Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө” жарлыгы.

3. КР Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар фондуна андан ары өткөрүп берүү үчүн ушул жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана аларга таандык документтерди алып коюу боюнча чараларды көрсүн.

4. Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Связанный пост