Жогорку Кеңеш Гүлзат Исаматованы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берди

 Жогорку Кеңеш Гүлзат Исаматованы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Гүлзат Исаматованы Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин сунуштамасын жана талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев айрым университеттерде студенттерден сабакты калтырганы үчүн алынчу төлөмдү жокко чыгаруу керектигин белгиледи. Депутат Илимбек Кубанычбеков жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатына, бир окуу жайдан экинчисине которулуудагы талаптарга көңүл бурду. Депутат Дастанбек Жумабеков ЖОЖдордогу окутуу стандарттары заманбап талаптарды эске алуу менен кайрадан каралышы керектигин билдирди. Депутат Гуля Кожокулова мамлекеттеги ар башка тармактарда Улуттук илимдер академиясынын илимий потенциалын пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Депутат Камила Талиева кадрларды даярдоо, ЖОЖдордогу окуу төлөмүнүн кымбатташы, ошондой эле Баткен мамлекеттик университетиндеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кеп кылды. Депутат Жанарбек Акаев Кыргызстан Борбор Азиядагы билим борборуна айланышы керектигин айтып, бул үчүн студенттерге, айрыкча чет элдиктерге жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Депутат Улукбек Карыбек уулу Гүлзат Исаматовадан кызматка киришкендеги алгачкы кадамдары жана ишке ашыра турган реформалары жөнүндө сурады. Депутат Болотбек Борбиев жогорку билим берүү тармагын бакалавриат жана магистратурага бөлүү өзүн актап-актабагандыгы тууралуу маселеге кызыкты. Депутат Гүлжан Сатиева ЖОЖдордогу окутуучулардын айлык акысын жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурду.

Эл өкүлдөрү талкуунун жыйынтыгында Гүлзат Исаматованы Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Связанный пост