Президент: Мугалим менен дарыгерди урматтоо – кубаттуу өлкөнүн өзөгү

 Президент: Мугалим менен дарыгерди урматтоо – кубаттуу өлкөнүн өзөгү
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултайдын жүрүшүндө сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Мамлекет башчысы мугалим улуттун келечегин калыптандырса, дарыгер анын ден соолугун жана өмүрүн коргой турганына токтолду. Ошону менен катар ал бүгүнкү күндө педагогдорго жана медицина кызматкерлерине карата орой мамиле, сыйлабастык, кээде ал тургай зомбулук көрүнүштөр орун алып жатканына тынчсыздануу билдирди.

Президент мындай көрүнүштөрдүн жол берилгис экенин жана коомдук маданияттын терең кризисинен кабар берерин баса белгиледи.

“Бул – маданиятсыздыктын жеткен чеги. Биз бул эки ыйык кесип ээлеринин баркын көтөрүп, баштапкы кадырын кайрып беришибиз керек”, – Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы педагогдордун жана медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын чыңдоо мамлекеттин жана коомдун жалпы милдети экенин белгиледи.

“Мамлекеттик органдар, жарандык коом, ар бир үй-бүлө – бардыгыбыз мугалим менен дарыгердин аброюн көтөрүүгө милдеттүүбүз.
Балдарыбыздын кат-сабатын ачып, баарыбызды дарылгандарга сый-урмат болмоюнча, маданияттуу жана өнүккөн өлкө боло албайбыз”, – деди ал.

Буга байланыштуу Президент 2026-жылдын 1-апрелинен тарта педагогикалык жана медициналык кызматкерлердин эмгек акысы дагы 100 пайызга көтөрүлөрүн өзгөчө белгиледи. Ал мурда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кеминде 50 пайызга көтөрүү пландалып жатканын билдиргенин, бирок талкуулардын жана өкмөттүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүн кайра баалоонун жыйынтыгында эмгек акыны орточо эсеп менен 100 пайызга көбөйтүү чечими кабыл алынганын эске салды.

Жогорулатуу президенттик компенсациялык төлөм түрүндө 15 миң сом өлчөмүндөгү кошумча ставканы киргизүү аркылуу камсыздалат.

Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом. Ал эми келе жаткан жылдын 1-апрелинен тартып, көбөйгөндөн кийин 52 миң сомдун тегерегин түзөт. Мугалимдердин айлыгы негизинен алардын билим деңгээлине, педагогикалык иш стажына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмүнө жараша аныкталат.

Алсак, шаар жергесиндеги орто билим берүү мектебинде педагогикалык орто билими бар бирок педагогикалык стажы жок жаңы келген мугалимдин эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 36 800 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна таза 31 200 сомдун тегерегин алат.

Ошол эле учурда райондук коэффициенти 1,8 болгон, тоолуу алыскы райондо иштеп жана жашаган, 30 жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар орто мектептин математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 800 сом, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эмгек акысы 97 600 сомду түзөт.

Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 31 500 сомду түзөт, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 62 500 сомду түзүп, колуна 50 000 миң сомдун тегерегин алат.

Шаар жергесинде тажрыйбасы жок бир ставка менен жаңы иштеп баштаган дарыгердин айлыгы учурда 16 900 сомду түзөт, ал эми көбөйгөндөн кийин 42 100 сомду түзүп, колуна 35 500 сом алат.

Алыскы тоолуу аймакта жогорку квалификациялык категориядагы жана 30 жылдык иш тажрыйбасы бар бир ставка менен эмгектенген дарыгердин айлыгы 91 700 сомду түзүп, колуна 75 700 сомдун тегерегин алат.

Мындан тышкары Президент маданият жана спорт жаатындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулай турганын билдирди. Учурда артисттердин орточо айлыгы болжол менен 20 700 сомду түзөт, ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта болжол менен 46 500 сомду түзөт, колуна болжол менен 39 миң сом алат.

Машыктыруучунун орточо эмгек акысы көбөйгөндөн кийин 58 900 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна таза 45 миң сомдун тегерегин алат.

Ошондой эле, техникалык жана тейлөөчү персоналдын 2026-жылдын 1-апрелинен тарта көбөйтүлүүчү эмгек акысына кошумча бир ставкага 5 миң сом өлчөмүндө Президенттик компенсациялык төлөм кароо менен орточо 80%га эмгек акылары көбөйтүлөөрү белгиленди.

Связанный пост