Бишкекте курулуш объектисин рейдерлик менен басып алган компаниянын директору кармалды
Коммерциялык жайды менчиктен алган жеке компаниянын директору кармалып, негиздөөчүсү изделүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын дарегине “Альянс Курулуш Плюс” ишканасына таандык Бишкектин 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн үлүштүк курулушунун катышуучулары турак жайдын курулушуна тоскоолдук жасап, имараттагы коммерциялык мүлктү рейдерлик жол аркылуу басып алган “МБЭ Групп” компаниясынын ээси М.Б.Э. аттуу жаранга жана ага тиешелүү болгон тараптарга карата чара көрүү өтүнүчү менен жамааттык арыз келип түшкөн.
Аныкталган маалыматтар боюнча, 2016-жылы М.Б.Э. менен “Альянс Курулуш Плюс” компаниясынын өкүлү катары Казакстандын жараны А.М. ортосунда Бишкек шаарынын 3-кичи районунда социалдык, маданий жана тиричилик объектилери бар турак жай имаратын куруу боюнча келишим түзүлгөн. Бирок, 2018-жылы өз ара пикир келишпестиктердин келип чыгуусунан улам, М.Б.Э. маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу курулуш компаниясынын жетекчилигинен коркутуу жолу менен аталган объектидеги коммерциялык жайды тартып алып, өзүнүн жакын тууганына каттаткан.
Андан тышкары, ал үлүшчүлөр тарабынан курулуш иштери аяктагандан кийин курулушка каржылык жана башка каражаттарды салбай туруп, айрым турак үйлөрдү өзүнүн адамдарынын пайдасына өткөрүп берүү жөнүндө талаптарды коюп, үйдүн курулушун аяктоо иштерине тоскоолдук жараткан.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “МБЭ Групп” компаниясынын башкы директору Ш.Б.Г. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, компаниянын негиздөөчүсү М.Б.Э. карата издөө жарыяланды.
Кылмыш иши боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.