11 айда өлкөнүн транспорт тармагынан бюджетке 1 млрд 65 млн сом түштү
11 айда өлкөнүн транспорт тармагынан бюджетке 1 млрд 65 млн сом түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Каражат лицензия берүүдөн, административдик айыптан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан түшкөн. Ал эми былтыр ушул мезгилде көрсөткүч 334 млн 170 миң сомду түзгөн.
Быйылкыга карата чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 41 мамлекеттен 218 миң 250 даана уруксат кагаздары алынды.
Коррупциялык элементтерди жоюу максатында жүк жана жүргүнчү ташууга лицензиялар, жүргүнчү ташууну уюштуруу сынактары жана уруксат кагаздарын берүү толугу менен санариптештирилип, адам факторунун кийлигишүүсү жок кылынды.