Мурдагы министр бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылды
Мурдагы илим, жогорку билим жана инновациялар министри Бактияр Орозов Аламүдүн райондук сотунун чечими менен бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылды.
Сот аны “Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, транспорт каражатын башкарууну мас абалындагы же башкаруу укугу жок адамга берүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу түрүндөгү административдик жаза дайындады.