Бишкекте курулуш тармагында 10 айда 351 кылмыш иши козголду
Бишкекте ишкердик субьекттердин укуктарын коргоо, аларга карата (курулуш тармагы боюнча) козголгон кылмыш иштерге прокурордук көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти.
2025-жылдын 10 айында ишкердик субъектерге карата (курулуш тармагы боюнча) жалпы 351 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен негизги бөлүгүн алдамчылык фактысы менен – 324 иш, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча – 27 иш козголгон.
Тергөө аракеттеринен кийин 3834 кылмыш иши сотко жиберилди. Алардын арасында “Ихсан”, “Тез там”, “Квартал строй”, “Раян Билдинг” сыяктуу ири компаниялар бар. 223 кылмыш иши курулуш компаниялары менен үлүшчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде келтирилген материалдык зыяндар кайтарылгандыктан кыскартылган.
Ал эми Бишкек шаарынын тергөө органдарынын өндүрүшүндөгү жана убактылуу токтотулган кылмыш иштер боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.