2026-жылдан тарта Кыргызстанда бийик тоолуу райондордогу үй-бүлөлөргө жаңы жөлөк пул бериле баштайт

 2026-жылдан тарта Кыргызстанда бийик тоолуу райондордогу үй-бүлөлөргө жаңы жөлөк пул бериле баштайт

2026-жылдан тарта Кыргызстанда бийик тоолуу райондордогу үй-бүлөлөргө жаңы жөлөк пул бериле баштайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт.

Бул жөлөкпулду дайындоого жарандардын арыздары 2026-жылдын январынан баштап кабыл алынат жана 2026-жылдын 1-февралынан баштап 3000 сом өлчөмүндө төлөнүп башталат.

“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз менен кайрылышы керек.

Белгилей кетсек, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн жөлөкпулдун жаңы түрү – “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” боюнча окутуу өткөрүлдү.

Тренингдин жүрүшүндө жөлөкпулдун бул түрү боюнча жаңы Социалдык камсыздоонун бирдиктүү системасында модулу менен иштөө көрсөтүлүп, дайындоо тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Связанный пост