Министрлер кабинети 2025-жылдын ири чыгашаларын атады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин бириккен отурумунда 2025-жылдын ири чыгашаларынын айрымдарына токтолуп, канча каражат бөлүнгөндүгүн маалымдады.
Маалымдалгандай, аталган багыттарга төмөнкүдөй ири каражаттар бөлүнгөн:
- “Элдик Банкты” капиталдаштырууга 66,5 млрд сом;
- энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 57,1 млрд сом;
- Мамлекеттик ипотекалык компанияга 49,9 млрд сом;
- Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну каржылоого 7,6 млрд сом;
- Камбар-Ата 1 ГЭСине 1,1 млрд сом;
- капиталдык салымдарга 10 млрд сом 51,7 млрд сомго чейин көбөйтүлгөн.
Касымалиев кошумча түшкөн кирешелердин негизги бөлүгү реалдуу секторго жумшалгандыгын кошумчалады.