2026-жылы медик, мугалим, маданият кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт
2026-жылы медиктердин, мугалимдердин жана маданият ишмерлеринин айлыгын көтөрүүгө 58 млрд сом жумшоо пландалып жатканын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эмгек акыны жогорулатууну 2026-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин эки этап менен жүргүзүү пландалууда.
“Бюджетке 38 млрд сом салынган, айлык акыны 50 пайыздан кем эмес көтөрүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле октябрь айынан баштап айрым муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылат”, – деди Касымалиев.