Транспорт министрлиги быйыл жол куруу боюнча рекорддук жыйынтыкка жетти

 Транспорт министрлиги быйыл жол куруу боюнча рекорддук жыйынтыкка жетти

Быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлиги планды ашыгы менен аткарып, жол салуу жаатында рекорддук көрсөткүч жаратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду курууга, эл аралык коридорлорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Акыркы 5 жылда асфальтталган жолдордун көрсөткүчү:

  • 2021-жылы 175 чакырым;
  • 2022-жылы 488,4 чакырым;
  • 2023-жылы 673,8 чакырым;
  • 2024-жылы 802 чакырым;
  • 2025-жылы 1545 чакырым (план 1000 чакырым).

Жол тармагындагы жогорку көрсөткүч өлкө жетекчилигинин чоң колдоосу менен ишке ашты.

Связанный пост